• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

9-кабаттан кулаган чет элдик жаран өзүн-өзү өлтүргөн – Бишкек ШИИББ

Коом 0

Бишкек, 13.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисинде көп кабаттуу үйдөн кулаган Россиянын жараны өзүн-өзү өлтүргөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы РФнын жараны Бишкекте батирди ижарага алып жашап жүрчү. Суицидге бараардын алдында ал акыркы кат калтырган.

Маалыматка ылайык, учурда иликтөө иштери уланууда.

Эске сала кетсек, кечээ, 12-ноябрда болжол менен саат 17:25 чамасында Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисиндеги көп кабаттуу үйдөн бир киши кулап, каза болгон. Маалыматка ылайык, ал 1990-жылы туулган К. Е. Г., аттуу РФнын жараны болуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий