• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

9-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 5-марттан 9-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

5-9-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта жана 6-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

7-мартта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-9-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

5-мартта жаан, кар жаашы күтүлөт.

6-9-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта 14 метрге жетиши күтүлөт.

5-9-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта жана 6-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

7-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этекеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-9-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-мартта күндүз жана 8-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-9-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

5-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

6-7-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-мартта түнкүсүн бир аз жаан, кар жаашы мүмкүн.

8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-9-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий