• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

9-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат: жамгыр жаайт

Коом 0

Бишкек, 08.03.19 /Кабар/. 9-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Чүй облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз +5...+10, Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +5...+10.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+4, күндүз +8...+13.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +3...+8, ал эми Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -3...+2.

Бишкекте жамгыр жаабайт, түнкүсүн -1…+1, күндүз +8…+10. Ал эми Ошто дагы жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн +2…+4, күндүз +9…+11.

Пикир

Оставить комментарий