• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

9 миңден ашуун окутуучу квалификациясын жогорулатат – Билим министрлиги

Билим 0

Бишкек, 11.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2017-2018-жылдары квалификациясын жогорулатуудан 9 миң 100 окутуучу өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Билим жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Назира Дүйшеева айтты.

Анын маалыматында, билим берүү системасынын адистерин кайра даярдоо программасына мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин, ЖОЖдордун 25 багыттагы педагогикалык кызматкерлери кирет.

“Институттун адистери тарабынан квалификацияны жогорулатуу боюнча атайын программа иштелип чыккан. Ал ар бир кызматкердин компетенттүүлүгүнө багытталат. Курстарды баштоонун алдында атайын тестирлөө өткөрөбүз. Андан соң курстун жана жыйынтыктоочу аттестациялык программасы тандалып алынат”, - деп түшүндүрдү Дүйшеева.

Квалификацияны жогорулатуу курстары эки жума бою жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий