• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

9-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.11.18. /Кабар/. Эртең, 9-ноябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0 ...-5, күндүз 4 ...9;

Талас облусунда түнкүсүн -8 ...-13, күндүз 0 ...-5;

Баткен облусунда түнкүсүн -1 ...-6, күндүз 3 ...8;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1 ...+4, күндүз 5 ...10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0 ...-5, күндүз -2 ...+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -5 ...-10, күндүз -4 ...+1;

Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 4…6° болот.

Пикир

Оставить комментарий