• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

19-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында Бишкектин айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин Сыдыгалиев көчөсү, ЧЧК, Фучик көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта, ошондой эле "Кызыл Аскер", 110-квартал конушу, "Достук" кичирайонунда суу болбойт.

"Батыш суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу, ичүүчү суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерде өчүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт, жана шаар тургундарын таза суу камдап алууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий