• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

9-сентябрь “Комуз күнү”. Өлкөдө кандай иш-чаралар белгиленет?

Маданият 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Өлкө президентинин “Комуз күнүн” белгилөө жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өлкөдө 8-9-сентябрь күндөрү бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

“Комуз күнү” төмөнкү жерлерде белгиленет:

  • 8-сентябрь күнү саат 10:00дө Ысык-Көл облусунун Корумду айылындагы Карамолдо Орозовдун айкелинин алдында салтанаттуу иш-чара;
  • 9-сентябрь күнү саат 10:00дө К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында “Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция;
  • 9-сентябрь күнү саат 12:30да Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы;
  • 9-сентябрь күнү 16:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында “Комуз-улуттук сыймык” аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү;
  • 9-сентябрь күнү 18:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында “Таңшы комуз” аттуу гала концерт;
  • 9-сентябрь күнү аймактарда республиканын баардык региондорунда “Комуз күнүнө” карата атайын иш-чаралар;

Ошондой эле, республика боюнча аймактарда жана коомдук жайларда, мекеме иш-каналарда комуз күүлөрү жаңырып, атайын иш-чаралар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий