• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

9-сентябрь — Комуз күнү

Маданият 0


Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрь - Комуз күнү белгиленүүдө. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, бул күндү утурлай атайын жумалык жарыяланган. Учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Комуз жумалыгы онлайн форматта өткөрүлөт.

Жумалык 7нен 13-сентябрга чейин уланмакчы.

Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү экинчи ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий