• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

9-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.09.18. /Кабар/. Эртең, 9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26 градус.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 27…27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий