• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

922 талапкердин 420сы айдоочулук күбөлүк үчүн сынактан кулап калышкан – Жумагазиев

Коом 0

Бишкек, 14.12.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. 8 күндүн ичинде күбөлүк алууга аттанып жаткан 922 талапкердин 420сы жол эрежеси тууралуу сынактан өтпөй, кулап калышкан. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаковдун катышуусу менен өтүп жаткан жол коопсуздугун камсыз кылуу комиссиясынын кеңешинде ИИМ Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Бишкекте эле 310 талапкер болсо, анын 250 сынактан кулап калышкан.

“ЖКККБ 24 кызматкери айдоочулук күбөлүк алуу сынагы боюнча туруктуу комиссиясына кирет”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий