• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

94 миң гектар аянт чегирткелерден тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 26-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Өлкө боюнча 94 миң 201 гектар айдоо аянты чегирткелерден тазаланганын “Кабар” маалымат агенттигине Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, республика боюнча 96 миң 271 гектар аянтты чегиртке каптап кеткен. Ведомство тарабынан жалпысынан 119 миң 561 гектар жер текшерилген. Анда Ысык-Көл облусунан башка бардык облустардын аймагындагы аянттарды чегиртке каптаганы аныкталган. Нарын облусунда чегиртке 21 миң 733 гектар айдоо жерге каптаган.

“Бүгүнкү күнгө ылайык айдоо жерлерди чегирткелерден тазалоо максатында 94 миң 201,2 гектар аянтта химиялык тазалоолор жүргүзүлгөн”,-деп жазылат маалыматта.

Жалал-Абад облусунда 53 миң 74 гектар текшерилип, анын 44 миң 135 гектары чегирткеден жабыркаганы аныкталып, химиялык тазалоодон өттү.

Чүй облусунда 9 миң 695 гектар жер текшерилип, 5930 гектардагы айдоо жери чегирткеден тазаланды.

Баткен облусунда 12 миң 660 гектар айдоодон 107 миң 61,7 гектары оорулуу экени аныкталып, тазаланган.

Талас облусунда 8 миң 400 гектар жер тилкеси текшерилип, 4 миң гектар аядоо жери химиялык тазалоодон өттү.

Нарын облусунда 24 миң 12 гектар айдоо аянты текшерилип, чегиртке менен ооруган 21 миң 349,5 гектары табылган. Бүгүнкү күнгө алардын 19 миң 379,5 гектары атайын зат менен тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий