• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

96-мүнөттө киргизилген гол “Челси” менен “Манчестер Юнайтеддин” тең чыгуусуна алып келди

Спорт 0

Бишкек, 20.10.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Англиянын Премьер-лигасынын 9-турунда “Челси” менен “Манчестер Юнайтед” командалары арасында беттеш 2:2 эсебинде аяктады.
Оюндун 21-мүнөтүндө бурчтан чыгарып берүү орун алды. Виллиандын чыгарып берген тобун Антонио Рюдигер башы менен сүзүп эсепти ачты. “Челси” командасы бир гол менен алдыга чыкты.

2-таймдын 55-мүнөтүндө кызылдардын жарым коргоочусу Антони Марсьяль айып аянтчасынан тээп, эсепти теңеди. 73-мүнөтүндө Марсьяль кайрадан гол жаратканга жетишти. Эсеп 2:1ге өзгөрдү.

Кошулуп берилген убакытта, 96-мүнөттө Росс Барклинин “МЮ” дарбазасына узаткан соккусу голго айланды. Эскерте кетсек, кийинки оюн 28-октябрда “Челси” “Бернли” командасы менен оюн өткөрөт. Ал эми “МЮ” ошол эле күнү “Эвертон” клубу менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий