• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

96 ЖӨБ орган башчыларына муниципалдык кеңешчи класстык чендеринин күбөлүгү ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев республиканын бардык аймактарынан келген 96 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына (айыл өкмөт башчылар, шаар башчылар) муниципалдык кызматтын 1-2-3-класстагы кеңешчиси класстык чендеринин күбөлүктөрүн ыйгарды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын класстык чен алуусу менен куттуктап, мамлекетке ак кызмат кылууга чакырды.

“Муниципалдык кызматка алууда эми кадрдын билим деңгээлине, таза репутациясына жана кесипкөйлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат. Мурдагыдай тааныш-билиш, тигил же бул партияга таандыгы бар кадрларды муниципалдык жооптуу кызматтарга дайындоого бөгөт коюлат. Муниципалдык кызматка таза, иш билген, кесипкөй кадрлар керек”, - деди Маматалиев.

Андан тышкары, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жакында эле президент Садыр Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадрдык саясат жөнүндө” чыккан Жарлыгы боюнча кеңири маалымат берди.

“Жергиликтүү бийлик күчтүү болуш керек. Жергиликтүү бийлик күчтүү болсо, борбордук бийлик да күчтүү болот. Азыр жергиликтүү бийликти чыңдоо боюнча мамлекеттик саясат жүрүп жатат. Сиздерге көп ыйгарым укук берилет. Ошондуктан мен сиздерди мамлекетибизге ак кызмат өтөөгө, ишке жооптуу мамиле жасоого, абийириңиздерди таза сактоого чакырам”, - деди Маматалиев.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына 1-2-3-класстагы муниципалдык кызматтын кеңешчиси класстык чендеринин күбөлүктөрүн КР мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев менен КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий