• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

96 жаштагы америкалык жөө күлүк дүйнөлүк рекордду жаңыртты

Дүйнө 0

Бишкек, 19.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 96 жаштагы америкалык Рой Энглерт өзүнүн салмак ченинде 5000 метрге чуркап, дүйнөлүк рекордду жаңыртты. Бул тууралуу Runners World журналы жазып чыкты.

Маалыматта билдиргендей, Айова штатында өткөн USATF Masters Outdoor чемпионатында 5000 метрди 42 мүнөт 30,23 секундда чуркап өткөн.

Буга чейинки рекорд Фрэнк Левайнга таандык эле. Ал 50 мүнөт 10,56 секундда маарага келген. Рой Энглерт 8 мүнөт эрте келип рекордго өзүнүн атын жазганга жетишти.

Ошондой эле, Энглерт 95 жаштан 99 жаш курак ченинде 800, 1500 жана 3000 метр аралыкка чуркоо боюнча дүйнөлүк чемпион. Рой Энглерт рекорд койгон 4x100, 4x400 жана 4x800 жамааттык эстафетанын мүчөсү да болгон.

"Бул көңүлдүү. Бирок чуркап жатканда көңүлсүз болгону менен маарага жеткенде сүйүнүчүң койнуңа батпайт", - дейт Энглерт.

96 жаштагы атлетчи күн сайын 2-3 чакырымга чуркайт.

Пикир

Оставить комментарий