• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

А. Акматалиев “Манас” университетинин ардактуу доктору болду

Коом 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Кыргыз-түрк “Манас” окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевге кыргыз тили жана кыргыз адабиятынын өнүгүүсү, Кыргызстан, Түркия жана түрк элдеринин илимий жана билим берүү жаатында кызматташтыгына кошкон зор салымы үчүн Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылды.

Академик А.Акматалиев окуу жайдын жетекчилигине терең ыраазычылык билдирип: “Жыйырма беш жыл бою түрк жана кыргыз элинин адабий, маданий байланышына салым кошуп келебиз. Анын ичинде 20 жыл Кыргыз-түрк “Манас” университети тарбиялаган студенттерди академияга чакырып, иштешип жатабыз. Орток темалар боюнча кандидаттык иштер жакталды. Бул аралыкта “Манас” эпосу, фольклордук чыгармалар түрк тилине которулду. “Түрк адабияты” деген 33 томдукка координатор болдум. Түрк окумуштуулар менен отуздан ашуун конференцияларды чогуу өткөрдүк. Түрк тилинде үч китебим, жыйырмадан ашуун макалаларым чыкты. “Билги”, “Билим” журналдарынын редколлегия мүчөсүмүн. Дагы да түрк тилиндеги чыгармалар, илимий иштер кыргыз тилине которулганы, жайылтылганы турат”, - деди.

Иш-чарада Абдылдажан Акматалиев окуу жайдын жетекчилигине “Манас” эпосу менен “Айтматов энциклопедиясын” тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий