• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев Мугла провинциясындагы автокырсыкка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 14-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Мугла провинциясындагы көптөгөн адамдардын курман болушуна себеп болгон автокырсыкка байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Бул кырсыкта туугандарын жана жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, ал эми бардык жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий