• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

А. Атамбаев: Сот реформасы Кеңеши принципиалдуулугун көрсөтүшү керек

Президент 0

Бишкек, 5- июнь/Салтанат Абдраева – Кабар/. Сот реформасы боюнча кеңеш өз ишин аткарууда принциптүүлүгүн көрсөтүшү абзел. Бул тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн Сот реформасы боюнча кеңештин XII жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, сот өзүнүн кыймыл аракети, чечимдери менен калыстыкты, ачыктыкты жана сатылбастыкты көрсөтүп турушу керек. Ал эми судьялыкка кесипкөй, жеке адамдык сапаттары жогору кадрлардын тандалышында сот реформасы боюнча Кеңештин жоопкерчилиги чоң.

А. Атамбаев, аталган орган өзүнүн жөндөмдүүлүгүн толугу менен ача электигин, кеңештин иши жакшырууну талап кылынаарын айтты. Ал жакта обьективдүү кыйынчылыктар бар. Бирок сот реформасы боюнча Кеңеш тарабынан татыксыз талапкерлердин президенттин кароосуна кандай жолдор менен жөнөтүлүп жатканын түшүндүрүш кыйын. Сот реформасы боюнча кеңеш өзүнүн ишинде принциптүүлүктү көрсөтүш керек.

“Соттордун ишмердүүлүгү, алардын чечими түздөн түз адамдардын жашоосу менен байланышкан. Мындан улам, жарандардын сот тутумуна, сотторго, алардын ишмердүүлүгүнө болгон талаптары өтө жогору. Албетте судьялар алардын талаптарына жооп бериш керек”.

Анткен менен, президент укуктук базанын жакшырышына салым кошкон Жогорку Кеңештин депутаттарын атап өттү. Алар: Жаныбек Бакчиев, Максат Сабиров, Алмазбек Баатырбеков, Мирлан Жээнчороев, Асель Кодуранова, Аскарбек Шадиев, Таабалды Тиллаев, Тынчтык Шайназаров. Ошондой эле, өлкө башчысы мурдагы депутат Галина Скрипкинанын салымын баса белгиледи. Мындан тышкары сот реформасы боюнча Кеңештин мүчөлөрүн, эксперттик коомдун өкүлдөрүн, тагыраагы Жогорку соттун төрайымынын орун басары Анархан Базаралиева, сот реформасы боюнча Кеңештин мурдагы катчысы Индира Жолдубаева, эксперттер: Лэйла Сыдыкова, Канатбек Сманалиев, Улан Сатаров, Чынара Мусабекова жана башка жогоруда айтылган мыйзамдарды иштеп чыгууда салымын кошкондордун атын атады.

“Ошондой эле мен Жогорку соттун мурдагы жана учурдагы төрайымы Жамашева Феруза Зулумбековнаны жана Токбаева Айнаш Абдымановнага өзгөчө рахмат айтат элем”. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин арты менен жакшы укук базасы түзүлдү. Бирок, бул иш-аракеттерди дагы да өнүктүрүш керек. Мындан улам биз сиздерден элдин ишеничин актаган сот тутумун түзүүгө багытталган, жаңы идеяларды, мыйзамдарды күтөбүз. Бул жерде дагы аткара турган иштер көп. Өзгөчө соттордун ишинин ачыктыгын камсыз кылуу багытында көп иш жасаш керектигин мамлекет башчысы баса белгиледи.

Мындан тышкары А. Атамбаев акыркы 5 жылда сот тутумун каржылоо төрт эсеге өскөнүн кошумчалады. “Сот тутумун өнүктүрүүгө” багытталган мамлекеттин максатту долбоору ишке ашырылууда. Анын материалдык базасы бекемделип, эгемендик алган жылдардан бери алгачкы ирет бюджеттин эсебинен соттордун заманбап мекемелери салынып баштады. Судьяларга үй куруу пландалууда. Баарыбыз көрүп тургандай, өлкөдө бардык тарапта өсүш болду. Эң башкысы, эми жасалган иштер менен токтоп калбастан, дагы алдыга умтулуп, көптөгөн пайдалуу иштерди жасашыбыз керек”, - деди өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий