• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АӨБ эмгек мигранттарына багытталган долбоор үчүн Тажикстанга 30 млн доллар бөлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен түзүлгөн уюшкан эмгек миграциясына багытталган долбоорду ишке ашыруу тууралуу гранттык макулдашууну жактырды.

Тажикстан менен АӨБ «Жарандардын адистик жөндөмдөрү менен ишке орношуу мүмкүндүгүн жогорулатуу» долбоору тууралуу макулдашууга өткөн жылы октябрда кол коюшкан.

Өлкөнүн каржы министринин орун басары Юсуф Маджидинин айтымында, бул долбоордун негизги максаты — жаштарды, аялдарды жана эмгек мигранттарын адистиктерге даярдоо жана жумуш менен камсыз кылуу.

«Долбоордун алкагында Душанбеде туризм, Рогунда энергетика, Дангарада айыл чарба адистерин даярдоо боюнча курстарды, ошондой эле Бохтарда, Воседе жана Хожентте мигранттарды тейлөө борборлорун ачуу каралган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 30 миллион доллар, Жапония 1,5 миллион жана Тажикстандын өкмөтү 3 миллион доллар бөлөт. Долбоор быйыл февралда башталып, алты жылга созулат», — деди Маджиди.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын октябрына карата Тажикстанда жумушсуздук деңгээли калктын экономикалык активдүү бөлүгүнүн 2,1% түзгөн. Бирок анда көз карандысыз эксперттер бийликтин расмий маалыматынан күмөн санап жатышканын билдиришкен. Алар пандемия маалында өлкөдө жумушсуз жарандар кыйла көбөйгөнүн айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий