• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

АӨБ өлкө бюджетине колдоо көрсөтүү багытында 50 млн доллар гранттык каражат бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасынын 1-подпрограммасынын Гранттык келишиминин долбооруна макулдугун берди.

Экономика министри Санжар Мукамбетовдун айтымында, Кыргызстан өткөн жылы бул программанын матрицасы боюнча иш-чараларды аткарганын, ошондон улам, АӨБ өлкөнүн республикалык бюджетине колдоо көрсөтүү багытында адегенде 30 млн доллар, андан кийин 40 млн доллар бөлүүнү пландаштырса, акырында 50 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүү чечимине келген. Анын Директорлор кеӊеши дагы ошол каражатты берүү чечимин колдоду.

Пикир

Оставить комментарий