• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АӨБ өлкө бюджетине колдоо көрсөтүү үчүн каражат бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасынын 1-подпрограммасынын Гранттык келишиминин долбоору каралып, дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан өткөн жылы бул программанын матрицасы боюнча иш-чараларды аткарганын, ошондон улам, АӨБ өлкөнүн республикалык бюджетине колдоо көрсөтүү багытында адегенде 30 млн доллар, андан кийин 40 млн доллар бөлүүнү пландаштырса, акырында 50 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүү чечимине келген. Анын Директорлор кеӊеши дагы ошол каражатты берүү чечимин колдоду.

Пикир

Оставить комментарий