• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АӨБ жана ЮНИСЕФ ооруканаларга өпкөнү жасалма дем алдыруучу 3 аппарат берди

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана ЮНИСЕФ Кыргызстандын ооруканаларына өпкөнү жасалма дем алдыруучу 3 жаңы аппарат беришти.

АӨБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, 22-сентябрда №2 клиникалык төрөт үйүнө жана Улуттук онкология жана гематология борборуна Бишкек шаарында COVID-19га даярдыкты күчөтүү үчүн расмий түрдө өпкөнү жасалма дем алдыруучу эки жаңы аппарат берилди. Дагы бир аппарат Ош шаарындагы перинаталдык борборго жеткирилмекчи. Аппараттары чоң адамдарга дагы, ошондой эле балдарга дагы колдонууга жарайт. Бул аппараттар бүгүндөн баштап бейтаптарды тейлеп, иштетилип баштады.

Желдеткичтер – бул респиратордук оорулардын айынан өз алдынча дем ала албаган бейтаптар үчүн жасалма дем алууну жана өпкөнү механикалык кыймылга келтирүүнү камсыз кылуучу маанилүү медициналык жабдуу. COVID-19 глобалдуу пандемиясынын шарттарында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары бүткүл дүйнө жүзүндө COVID-19дун оор кесепеттеринен жапа чеккен бейтаптарды дарылоо үчүн колдонула баштады.

Тапшыруулар АӨБдүн 200 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү өзгөчө кырдаалдардагы медициналык жардамынын алкагында, Кыргыз Республикасына ЮНИСЕФ аркылуу жабдуу сатып алуу менен ишке ашырылды.

2020-жылдын апрель айынан тарта өлкө боюнча ооруканаларга берилген:

  • 20 000 медициналык колкап
  • 2000 коргоочу комбинезон
  • FFP2 классындагы 2300 респиратор
  • 300 эндотрахеалдык түтүкчө
  • педиатриялык 3000 канюля
  • чоң адамдарга арналган 8000 назалдык канюля жана аба өткөрүүчү жабдуулар
  • өндүрүмдүүлүгү 10 литр болгон 10 кычкылтек концентраторлору жана кычкылтек агымын бөлүүчү жабдуулар
  • 1500дөн ашык дем алуу системалары

Бардык медициналык жабдуулар жана чыгымдоочу материалдар ЮНИСЕФ тарабынан саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү жана тастыктамалары бар өндүрүүчүлөрдөн сатылып алынууда.

Пикир

Оставить комментарий