• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

А. Бекматов: Президент Жээнбеков боюнча болгону оюн билдирген

Саясат 0

Бишкек, 27-июнь /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Президент премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине үгүт кылган жок, болгону журналисттердин берген суроосуна жооп берип жатып өзүнүн ою менен бөлүшкөн. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди

Анын айтымында, БШК президенттин жеке оюн пиар же катары үгүт катары баалай албайт. Себеби ал талапкерге добуш берүүгө чакырган жок, болгону ою менен бөлүшкөн.

“Мен аны пиар же үгүттөө катары баалаш керек деп эсептебейм. Мамлекет башчысы ага добуш берүүгө чакырган жок. Азыркы учурда бардыгы талапкерлер боюнча өздөрүнүн ою менен бөлүшүп жаткан учур. Президент дагы болгону өзүнүн оюн билдирди”,- дейт Бекматов.

Ошондой эле, ал премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон президенттикке талапкердигин көрсөтүү боюнча документтер келбегенин, мындан улам ал расмий түрдө талапкер эмес деп билдирди.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин КСДПдан президенттикке көрсөтүлгөн талапкер боюнча берилген суроого жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн эң жакшы тандоо болмок деп билдирген.

“Ал идеяга бай жана абийирдүү, ачык адам. Менимче бул Кыргызстан үчүн эң туура чечим болмок. Мен КСДП партиясы сьездде аны толугу менен колдойт деп ишенем. Ал мамлекетте, коомдо түптөлүп калган таза, айкындуулуктун жолун улантып кетээрине толук ишенем”,-деп билдирген президент.

Пикир

Оставить комментарий