• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

А классындагы дүйнөлүк кинофестивалда “Дарак ыры” мюзиклинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 28.11.18 /Кабар/. А классындагы ири дүйнөлүк кинофестивалдардын бири - “Караңгы түндөр” Таллин эл аралык кинофестивалында “Дарак ыры” кыргыз тасмасынын европалык бет ачары өттү. Бул тууралуу фильмдин продюсери Толкун Дайырбекова билдирди.

“Дарак ыры” PÖFF Таллин кинофестивалынын дебюттарынын сынактык программасына катышууда. Дебюттар программасында быйыл дүйнө жүзүнөн 15 тасма катышат.

Кыргызстандык тасма кыргыз киносунун тарыхына эле эмес, Таллин кинофестивалынын тарыхына дагы биринчи мюзикл-фильм катары кирди. Башкача айтканда, ал аталган фестивалдын сынактык программасына кирген тарыхтагы алгачкы мюзикл болду.

“Дарак ыры” тасмасынын мааниси жана баалуулугу тууралуу фестивалдын сайтында жазылган.

Кинонун бет ачарынан кийин ага келген россиялык-грузиялык режиссёр Шота Гамисония бул тасманы кыргыз киносунун жеңиши деп атап, бардык кыргыздарды куттуктады.

Таллин кинофестивалынын сынактык программасында “Дарак ырын” режиссёр Айбек Дайырбеков, продюсерлер Андрей Епифанов жана Татьяна Петрик тартуулашууда.

Эске салсак, “Дарак ырынын” дүйнөлүк бет ачары Кыргызстанда 28-февралда өткөн. Ал эми биринчи фестивалдык көрсөтүү 26-апрелде Москва кинофестивалында болгон. Эл аралык бет ачары Түштүк Кореяда Пусан эл аралык кинофестивалында 6-октябрда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий