• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

А.Өмүрбекова Тажикстан, Шри-Ланка, Колумбия, Камбоджа, Уганда, Марокконун бир катар депутаттары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарында өтүп жаткан EvalPartners "Баалоо аркылуу биздин дүйнөнү өзгөртөбүз: дүйнөнү жакшыртуу үчүн өз ара байланыштар жана өнөктөштүк" аталышындагы Үчүнчү глобалдык форумдун алкагында Тажикстандын, Шри-Ланканын, Колумбиянын, Камбоджанын, Уганданын жана Марокконун бир катар депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган глобалдык форумдун ийгиликтүү өтүп жатканын белгилеп, ага жигердүү катышкандыгы үчүн чет өлкөлүк депутаттарга ыраазычылык билдирген Алтынай Өмүрбекова: "Мындай иш-чаралар пикир алышчу аянт гана болбостон, өз ара алакаларды арттырууга да шарт түзөт", - деди.

Жолугушууда депутаттык достук топторунун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланып, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашуу өнөктүктөрүн колго алуу тууралуу сөз жүрдү.

Жолугушууга Жогорку Кенештин депутаттары Сайдолимжон Жураев менен Бакирдин Субанбековдор да катышты.

Пикир

Оставить комментарий