• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

А.Өмүрбекова Британия ТИМинин статс-катчысы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрага орун басары Алтынай Өмүрбекова Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Саймон Макдональд менен жолугушту. Иш-чарага Жогорку Кеңештин Улуу Британия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчисинин орун басары, депутат Искендер Матраимов, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смид катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Жогорку Кеңеш Төрага орун басары Алтынай Өмүрбекова көптөгөн жарандардын өлүмү менен коштолгон Манчестер шаарындагы “Манчестер-арена” концерттик залындагы жардырууга байланыштуу көңүл айтты. Ошону менен катар 2010-жылдан тарта Кыргызстан парламенттик демократия жолуна түшүп, андан бери парламенттин 2 чакырылышы иштегендигин айтып, учурда өлкө чоң саясый окуянын – Президенттик шайлоонун алдында тургандыгын маалымдады. “Улуу Британия - парламентаризмдин мекени. Андыктан, биз үчүн Улуу Британия парламентинин тажырыйбасы өтө маанилүү. Биз ар тараптуу кызматташууга даярбыз. Мамлекеттин укуктук негиздери, адам укуктарынын корголушу, сот системасын реформалоо жаатында кеп- кеңеш алууга кызыкдарбыз”,- дейт Жогорку Кеңеш Төрага орун басары.

Кыргызстанга алгач ирет келип жатканын белгилеген Улуу Британия ТИМ статс-катчысы С.Макдональд маектешинин кайрат айтуу сөздөрүнө ыраазычылык билдирди. Ал бай тажрыйбага ээ Британия парламенти тууралуу учкай сөз кылып, Кыргызстанда парламенттик демократия жолунда парламенттин ролун, парламент ишинин ачык-айкындуулугун, эл өкүлдөрүнүн шайлоочулар алдындагы отчеттуулугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттерге кызыкты.

Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова DFID эл аралык уюмунун көмөгү менен 2021-жылга чейин Жогорку Кеңешти өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыккандыгына токтолду. Анда шайлоочулар менен байланышты күчөтүү, кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана өкүлчүлүк функцияларына басым жасоо белгиленгендигин айтып, “Мыйзам чыгарууда сандан сапатка өтүүгө өзгөчө маани берилип жатат”,- деди. Ошондой эле Улуу Британия парламентиндеги баардык мыйзамдар аналитикалык борбор аркылуу өтө турган практика жаатында кызматташуу максаттары бар экенин кошумчалады. “Парламентаризм өнүккөн өлкөлөрдүн тажырыйбасын элибиздин менталитетине жуурулуштуруп кабыл алууга аракеттенебиз”,- дейт Алтынай Өмүрбекова.

Мындан сырткары, тараптар соода-экономикалык, билим берүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий