• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Иса Өмүркуловдун уулу Porsche унаасында велосипедчен адамды коюп кетти

Кырсык 0


Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун 39 жаштагы О.А. аттуу уулу Porsche унаасында велосипедчен адамды коюп кетти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 15-майда саат 22:30дар чамасында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда Porsche унаасы 29 жаштагы велосипедчен кызды сүзүп кеткен.

Чогултулган материалдар Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий