• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

А. Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим мааракени натыйжалуу уюштуруу жана өткөрүү үчүн мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жетектөө жана координациялоо максаттарында кабыл алынды.

Жакынкы күндөрү Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрүүгө ниеттенүүдө.

А.Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлдү. Алардын алкагында анын өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий-конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана А.Орозбеков атындагы музейде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана башка бир катар чаралар пландалууда.

Маалымдама: Абдыкадыр Орозбеков – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башатында турган, 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Жумушчулар, дыйкандар жана солдаттар советинин Облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

Абдыкадыр Орозбеков 1927-жылдан 1937-жылга чейин Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын
Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы жана биринчи мамлекет башчы болгон.

Пикир

Оставить комментарий