• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨА режими. Соода объекттери, сулуулук салондору жана коомдук транспорт үчүн айрым чектөөлөр алынгандан кийинки бөгөт коюу чаралары

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө абалдын айрым чектөөлөрү алынгандан кийин ишин кайрадан баштай турган айрым тармактарга коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна бөгөт коюу чаралары боюнча нускамаларды таратты.

«Аталган нускамалар КР Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик кеңеши тарабынан бекитилген. Аларда жазылган эрежелер милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш жана айрымдары кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ», - деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги талап кылынган алдын алуу жана коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.

Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылды.

Өкмөт COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан баштады.

Пикир

Оставить комментарий