• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

А.Абдрахманов: Дарыгерлер менен санитардык-карантиндик пункттардагы кызматкерлерге ишеним артабыз, колдоо көрсөтөбүз

Аймак 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/.Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов коронавирус оорусун алдын алуу, ага каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн штабдын курамынын катышуусунда менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында Алишер Абдрахманов ооруга каршы аракеттерди күчөтүү, бардык тармактар боюнча муктаждыктар жаралбоосу үчүн, азык түлүк, коопсуздук каражаттары боюнча тартыштыктын алдын алуу үстүндө иш алып барууну тапшырды.

“Бул күндөрү оору менен күрөшүүдө өз өмүрүн тобокелге салып, ак ниети менен күнү-түнү эмгектенип жаткан дарыгерлерге алкыш айтабыз. Алардын эмгеги сөзсүз бааланат, биз дарыгерлерге болгон шартты түзүп берүүнүн үстүндө иш алып барабыз”, - деди ал.

Аны менен бирге санитардык-карантиндик посттордун ишин жеке көзөмөлүнө алгандыгын, ал жайларда күчөтүлгөн тартип жана натыйжа болуусун талап кылаарын, ошону менен бирге ишеним артаарын билдирди.

“Азыркы тапта облуста 4 негизги,18 ички санитардык-карантиндик посттор түзүлүп, аймактагы кыймыл-аракет көзөмөлгө алынууда. Ал эми ал жерде иштеп жаткан кызматкерлердин муктаждыктары тийиштүү органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына милдеттендирилди”, - деп баса белгиледи өкүл.

Пикир

Оставить комментарий