• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

А.Алтыбаева: «Алиппеде мекенибиз – Россия деп жазылса, балдарыбыз кантип мекенчил болуп чоңоюшат»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. «Алиппеде мекенибиз – Россия деп айтылса, балдарыбыз кантип мекенчил болуп чоңоюшат», - деп нааразы болду депутат Айнуру Алтыбаева бүгүн парламенттин жыйынында.

Анын айтымында, билим берүү тармагына бюджеттен ири көлөмдөгү каражаттар бөлүнөт. Ошондой эле, кошумча каражаттар да бул тармакка жумшалат. “Президент А.Атамбаев билим берүү – өлкөнүн маанилүү багыты экендигин бир нече ирет билдирген. Биз жыл сайын билим берүү маселелерин көтөрүп, мугалимдердин айлыгын көбөйтүп жатабыз. Бирок, алиппеде мекенибиз – Россия деп жазылып турат. Билим берүү министрлиги, усулдук адистер кайда карап турушат? Китептен мекени Россия экендигин окуган балдарыбыз кантип мекенчил болуп чоңоюшат?”, - деп нааразы болду депутат.

Эл өкүлү мектепке чейинки жана баштапкы билим берүү абдан маанилүү экендигин белгиледи. “Ушул мезгилде бала инсан катары калыптанат. Ал эми мындай алиппе менен экиге айрылуу жүрөт”, – деди А.Алтыбаева.

Мындан тышкары, депутат мектептерде үч тилдүү тутумду киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий