• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Артыков: «Депутаттык комиссия Белизден келген документтер тууралуу ишке баа берген жок»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Депутаттык комиссия Белизден келген документтер тууралуу ишке баа берген жок. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Анвар Артыков билдирди, ал 2010-жылдагы мародерлук тууралуу иш боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп саналат.

Депутат комиссия аталган иш боюнча бардык материалдарды карады, бирок баа берген жок деп билдирди. “Биз укук коргоо органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишинин жыйынтыгын күтүүнү чечтик”,-деди ал.

Ошондой эле, депутат Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн мүлкү боюнча маселелерди башка комиссия карап жатканын айтып, кийинкилеринде комиссияны бир маселе боюнча гана түзүү керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн парламентте 2010-жылдагы мародерлук, банктык ячейкаларды тоноо, андан тышкары мурда К.Бакиев (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдордун жакындарына таандык болгон “Альфа телеком” ЖАК, “Бишкек мунай компаниясы” ЖАК, “Дастан” ТНК ААК, “Азия универсал банк” АК, “Кыргыз көмүр” МИни камтыган бардык объектилерди улутташтырууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан бүтүмдөр жана “Кыргызтелеком” ААКтын интернет-кызмат көрсөтүүсүнө тарифтердин негизсиз кымбатташы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы угулду.

Бирок, парламент депутаттык комиссиянын иши боюнча жыйынтык чыгарган жок, ал башка күнгө жылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий