• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Асанбаев: “КРнын ЕАЭБге кириши эмгек мигранттарынын укуктарын натыйжалуу коргоого шарт түздү”

Экономика 0

Бишкек, 6-март /Мирлан Кийизбаев – Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдикке кирген соң Кыргызстандын Биримдиктин өлкөлөрүндө эмгектенген мигранттарынын саны өстү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик миграция кзыматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, КРнын ЕАЭБге кириши биримдиктин өлкөлөрүндө Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укуктарын натыйжалуу коргоого шарт түздү. “Биздин мигранттар учурда барган өлкөлөрүнүн жарандары менен дээрлик бирдей шарттарда иштешет. Жумуш жеткиликтүү болуп, алардын укуктары юридикалык жактан корголуп калды. ЕАЭБге киргенден кийин Россия жана Казакстанда эмгектенген мигранттардын саны өстү. Казакстанда 35 миңдей жараныбыздын туруктуу иш орду бар”,- деп билдирди А.Асанбаев.

Орун басар ЕАЭБ алкагында мигранттарга медициналык тейлөө жеткиликтүү экендигин, эмгек акысынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна каражат бөлүнөрүн белгилеп өттү. “Учурда ЕАЭБдин алкагында 300 миңге жакын эмгек келишимдери түзүлгөн. Формалдуу эмес эмгек рыногунда иштеп, салык төлөбөстөн, конверттерде маяна алгандардын саны кыскарууда. Тармак акырындык менен түзөлүп жатат. 1-январдан тартып жарандарыбыз милдеттүү медициналык камсыздандырууга жол ачылып, МКФга милдеттүү төлөмдөрүн төлөп башташты. Эми аларга медицина жеткиликтүү болуп калды” , - деди А.Асанбаев.

Ал ошондой эле, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн миграция ведомстволору эмгек мыйзамдарын бузган шартта жарандарды депортация кылууну алып таштап, административдик айып менен чектөө маселесин талкуулап жатышканын белгиледи.

“Биз ЕАЭБдеги кесиптештерибиз менен мигранттарды каттоо маселесин кароону улантып жатабыз. Кыргызстан каттоо иштеген жери боюнча жумуш берүүчүнүн юридикалык дарегине жүргүзүлгөнүн сунуштайт. Талкууладагы экинчи маселе эмгек келишимдери жок, формалдуу эмес иштегендерди депортация кылбастан, ЕЭАБ алкагында административдик айып менен чектелүү механизмдерин түзүү болуп саналат”, -деп кошумчалады төраганын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий