• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Атамбаев: "25 жыл аралыгында Кыргызстан-Россия мамилелери жаңы стратегиялык деңгээлге көтөрүлдү”

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. "25 жыл аралыгында Кыргызстан-Россия мамилелери жаңы стратегиялык деңгээлге көтөрүлдү”,-деп айтты Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Россиянын Президенти Владимир Путин менен чакан форматта жолугушуусунда.

“Биздин эки тараптуу мамилелерди дагы бир жолу талкуулап алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат. Биз Кыргызстан-Россия мамилелерин жакшы нукка салып алганыбызга кубанычтамын. Алтургай биз мамилелерибизди жаңы стратегиялык деңгээлге көтөрө алдык. Мындай деңгээл бир тууган элдер ортосунда гана болот”,-деди А.Атамбаев.

Өз кезегинде Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президенти бул кызматта иштеген мезгилдери эки өлкөнүнүн мамилелеринин чыңдалышына көп салым кошконун белгиледи.

“Биз бүгүн бардык багыттар боюнча көптөгөн маселелерди талкуулайбыз. Кыргызстан Россиянын эң маанилүү өнөктөшү болуп эсептелет. Россия соода чөйрөсүндө 1-орунду ээлеп келе жатканына кубанып турам. Бүгүн бизде сүйлөшө турган көп маселелер бар”,-деген В.Путин бүгүнкү жолугушуу жемиштүү болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий