• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент А.Атамбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды

Президент 0

Бишкек, 7-апрель /Кабар/. КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 2010-жылы 7-апрелдеги революцияда каза болгондорду эскерүү үчүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды.

Андан кийин Президент, Өкмөттүн мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана каза болгондордун жакындары 7-апрель эстелигине гүл коюшту.

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев куран окуду.

Эскерте кетсек, мындан туура 7 жыл мурда Апрель революциясы болгон. Ошол окуяда 87 адам каза болуп, көп сандаган жарандар жаракат алышкан.

Пикир

Оставить комментарий