• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

А.Атамбаев БАЭ тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-майда өлкөгө расмий визит менен келген Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайянды кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда кыргыз-эмират кызматташтыгынын жана жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды. Олуттуу багыттар, атап айтканда, соода-экономикалык чөйрөдө биргелешкен иштерди жандантуунун мааниси белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайяндын Кыргызстанга расмий визити мамилелердин андан ары жанданышына түрткү берип, өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттерди тереңдетүүгө жол ачарына ишенерин билдирди.

Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайян жылуу тосуп алып, эки тараптуу катнаштардын маанилүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк түзгөндүгү үчүн Президентке ыраазылыгын айтты. Ал БАЭнин тиешелүү мекемелери Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыкты жандантуу боюнча пландарды ишке ашырат деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий