• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

А.Атамбаев Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолун оңдоо иштери менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-апрелде Ысык-Көл облусундагы Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолун оңдоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республика Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Таанышуу учурунда КР транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Мамлекет башчысына жаңыланып жаткан автомагистралдын бардык негизги тилкелеринде иш жүрүп жатканын айтып берди. Министрдин айтымында, туристтик сезон башталганга чейин Чок-Тал - Чолпон-Ата тилкесине асфальт төшөө иштери аяктайт.

Президент Алмазбек Атамбаев жолду жаңылоого зарыл каражаттардын табылышы менен куруучулар жолду өз маалында жана сапаттуу бүткөрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Президент Балыкчы - Корумду автомагистралы бардык талаптарга жооп бергидей, жол жээктеринде жайгашкан шаарлар менен айылдардын тургундары жана туристтер үчүн коопсуз жана жайлуу болушу үчүн анын инфраструктурасын жакшырууга өзгөчө көӊүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий