• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

А.Атамбаев капиталдык оңдоодон өтүүчү мектептердин санын өстүрүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 20-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-майда өлкөнүн билим жана илим министри Гульмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн табигат кырсыктарынан жабыр тарткан аймактарындагы балдардын окуусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө министрдин маалыматын укту.

Президент Алмазбек Атамбаев билим жана илим министрлиги окуучулардын жана мугалимдердин муктаждыктарына өзгөчө көңүл буруу менен табигат кырсыктарынан жабыр тарткан аймактарда окуу жылын уюшкандык менен аяктоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзүшү керек экендигин баса белгиледи.

Андан тышкары, Президент авариялык абалдагы бардык мектептердин ордуна тез тартипте жаңы мектептерди куруу иштерин баштоону, ошондой эле капиталдык оңдоодон өтө турган мектептердин санын көбөйтүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы бул тизмеге Токмок шаарындагы №6-мектепти кошууну өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий