А.Атамбаев: “Бир нерсеге жетишүүгө болгон умтулуу жана каалоо гана ийгиликке жеткирет”

Президент 0

Бишкек, 6-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында КР элинин маданий жана тарыхый мурасын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн ишмерлерге мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземине катышууда.

“Мен Кыргызстанда тарых жана маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошкон адамдардын бар экендиги менен сыймыктанам. Биз бүгүн өздөрүнүн өзгөчө абалына карабастан, чоң ийгиликтерге жетишкен үч жараныбызды да сыйлап жатабыз. Алар - Рахат Үсөнкожоев, Адина Самыйбек кызы жана Турсунбек Абдылдаев. Булар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, бирок тагдырдын сыноосуна карабастан ийгиликке жетишишти. Алардын жашоосу жана иши башкаларга үлгү боло алат. Урматтуу мекендештер! Сыйлык ээлеринин бардыгын элибиздин атынан куттуктайм. Мен силер менен сыймыктанам, анткени, ден соолугу чың жарандарыбыз деле ар кандай себептер менен иштен тайсалдашат”, - деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, мамлекет башчы жалкоолук жакырлыкка алып келээрин белгиледи. “Мен баарыңарды эмгекке чакырам. Ошондо гана биз өнүгө алабыз”, - деди ал. “Өзүңүздөр билгендей, өткөн жыл Тарых жана маданият жылы болуп белгиленген. Буга карата көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү. Биз жүз жыл бою мойнубузда турган милдетибизден кутулуп, 1916-жылдагы окуяларга арналган Үркүн мемориалын курдук. Арбактарды ыраазы кылмайынча, тирүүлөр бактылуу боло албастыгы айтылат. Бул мемориалды иштеп чыккандардын баары мамлекеттик сыйлыкка татыктуу. Ошондой эле, өткөн жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрдүк. Көчмөндөр оюнуна эл аралык уюмдар жогорку баа беришти. Бул иш-чараны өткөрүүдө эмгектенгендердин бардыгы сыйлыкка татыктуу”, - деп билдирди А.Атамбаев.

Президент маданият ишмерлеринин көп бөлүгү зор ийгиликтерге жетишкендигин жана алар жогорку сыйлыктарга татыктуу экендиктерин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий