• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Атамбаев: Биздин балдар коргоого муктаж

Президент 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. КР Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө байланыштуу кенже кыргызстандыктарды куттуктады. Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей Мамлекет башчысынын кайрылуусунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу Кыргызстандын кичинекей жарандары!

Көп жылдан бери кыргызстандыктар жайдын биринчи күнүн балалыктын майрамы катары белгилешет. Баарыбыз үчүн шаттуу күндөрдүн бири болуп калган бул күн салттуу үй-бүлөлүк майрамга айланып, ата-энелер балдарына арнашат.

Мен быйыл бул күн Балдарды коргоонун эл аралык күнү экенине өзгөчө көӊүл бургум келет. Биздин балдар коргоого муктаж экенин эске салгым келет. Балдарыбыздын өмүрү менен ден соолугуна, билими менен коопсуздугуна, дегеле жаш муундун келечегине улуулар жоопкер экенине коомчулуктун көӊүлүн бургум келет.

Кымбаттуу ата-энелер!

Сиздер - балдардын эң жакын, эң сүйүктүү адамысыздар. Ар бир баланы Кудай шык-жөндөмү, таланты менен жаратат. Аны ойготуу, өстүрүү – сиздердин колуӊуздарда.

Элибизде “Балам - бактым, балам – базарым” деген сөз бар. Ата-эненин, үй-бүлөлүк очоктун мээримине бөлөнгөн, кубаныч, сүйүү, жарык маанайда чоңойгон балдар телегейи тегиз инсан болуп жетилишет. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу.

Кымбаттуу балдарым!

Майрамыӊар кут болсун!

Ден соолугуӊар чыӊ болсун!

Бак-таалайлуу, өмүрлүү болгула!”.

Пикир

Оставить комментарий