• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

А.Атамбаев дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Беларусь элчисин кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 31-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-мартта Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Виктор Денисенкону анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстандагы жемиштүү иши үчүн Элчиге ыраазычылык билдирди жана анын кыргыз-беларус достук мамилелеринин тереңдешине жана негизги чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошкон жеке салымын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев отметил, Кыргызстан жана Беларусь Евразиялык экономикалык бирликке кошулгандан бери өлкөлөр ортосундагы мамилелер интеграциялык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлгөнүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий