• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Атамбаев: “ЕАЭБ мүчөлөрү менен мамилебиз – бул биз үчүн тышкы экономикалык саясаттагы артыкчылык”

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Биз үчүн ЕАЭБ мүчөлөрү менен мамилебиз – бул тышкы экономикалык саясаттагы артыкчылык жана биз өнөктөштөрдү биргелешип, жигердүү иштөөгө чакырабыз”, - деди бүгүн Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири жыйынынын жүрүшүндө.

“Мен Кыргызстандын төрагалыгы уюмдун мындан аркы иши боюнча өз сунуштарыбызды берүү мүмкүндүгүн берерин айткым келет. КР 2017-жылды ишкерликти өнүктүрүү шарттарын түзүүгө арноо сунушун киргизди. Себеби, ишкерлик экономиканын кыймылдаткыч күчү. Биздин 4 принципти сактоо боюнча биргелешип иштөөбүз зарыл: товарларды эркин жүгүртүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн, каржы эркиндиги жана эмгек ресурстарынын эркиндиги”, - деп белгиледи мамлекет башчы.

Мындан тышкары, Алмазбек Атамбаев учурда биримдиктеги тоскоолдуктарды четтетүүгө басым жасоо керектигин билдирди.

“Бул үчүн мамлекеттик органдар ортосунда кыйла тыгыз байланыш болушу керек. Ошондой эле, ЕЭК ишкерликтин демилгелери жана сунуштарын уга билиши зарыл. Кыргызстан үчүн айыл чарбасында, кайра өндүрүүдө жана жеңил өнөр жайында иштерди күчтөндүрүүсү керек. Россия менен Казакстандын жетекчилерин бүгүнкү күнү ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук нормаларын ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет”, - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле, Кыргызстандын Президенти ЕАЭБ аймагында иштеген эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо маселесин чечүү боюнча теманы козгоду.

“Биз, көпчүлүк жарандары иш издеп кетип жаткан өлкө катары, майда административдик укук бузуулар үчүн депортация кылуу маселесине кыйла либералдык мамиле кылууну суранабыз. Жыйынтыктап жатып, биз үчүн ЕАЭБ мүчөлөрү менен мамилебиз – бул тышкы экономикалык саясаттагы маанилүүлүк экендигин белгилеп кетким келет. Ошондой эле, биз өнөктөштөрдү биргелешкен жигердүү иштерге чакырабыз”, - деди А.Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий