• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

А.Атамбаев ЕБнын жетекчилери менен Азимжан Аскаров боюнча маселени кыскача талкуулады

Саясат 0

Брюссель, 17-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Европа биримдигинин жетекчилери менен жолугушууларында Азимжан Аскаров боюнча маселе үстүртөн козголду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев А.Атамбаевдин Бельгияга иш сапарынын биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча айтып жатып билдирди.

Э.Абдылдаевдин айтымында, бул негизги тема болгон жок.

“Кыргызстандын Президенти бул жагдайга так түшүндүрмө берди. Европа биримдиги Кыргызстандын позициясын түшүнүү менен кабыл алды. Бардык нерсе сот процессинин алкагында жүрдү”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий