• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Атамбаев Индия ТИМ башчысы Мушабар Жавад Акбар менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-апрелде Индия Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Жавад Акбар менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанда мусулман диний лидерлеринин катышуусунда эл аралык конференцияны уюштуруу пландары талкууланды. Аны өткөрүү келишимине кыргыз лидеринин Индияга мамлекеттик визитинин алкагында Президент Алмазбек Атамбаев менен Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди экөөнүн сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жетишилген.

Президент Алмазбек Атамбаев бул конференция Исламдын өнүгүү, диний экстремизмге жана радикалдашууга бөгөт коюу маселелери боюнча ой-пикирлерди алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп, азыркы Исламдын өнүгүшүндө бурулуш учур болуп калууга тийиш экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий