• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Атамбаев КЭР Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Соода-өнөр-жай палатасынын вице-президентин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 14-май /Кабар/. Бүгүн, 14-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Соода-өнөр-жай палатасынын вице-президенти, Үрүмчү шаарынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары, Үрүмчү шаарынын «Хуалин групп ЛТД» соода-өнөр жай компаниясынын президенти Ми Эньхуаны кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда социалдык чөйрөдөгү конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын туризм тармагына түз инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий