• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

А.Атамбаев коопсуздукту камсыздоо жаатындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды

Президент 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-апрелде өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына улуттук коопсуздуктун абалы жана коопсуздукту андан ары бекемдөө чаралары тууралу маалымат берилди.

Темир Жумакадыров ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеӊеш катчыларынын 12-жолугушуусунун, анын ичинде Кыргызстандын региондук коопсуздук камсыз кылуу чөйрөсүндөгү негизги өнөктөрү саналган өлкөлөрдүн делегация башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, терроризмге жана диний экстремизмге каршы туруу үчүн көп жана эки тараптуу форматта кызматташтыкты андан ары күчөтүүнүн мааниси баса белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар комплексин жандантуу зарылдыгын, андан тышкары азыркы коркунучтар менен сыноолорго каршы туруу боюнча милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн негизги чет жердик өнөктөр менен өз ара аракеттенүүлөрдү күчөтүүнүн маанисин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий