• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

А.Атамбаев: Кыргызстандын аскер тутумун реформалоо ишке ашты

Президент 0

Бишкек, 29-май /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын аскер тутумун реформалоо ишке ашты. Бул тууралуу бүгүн КР Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада Президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

“Бүгүн аскер реформасын баштагандан беш жылдан кийин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы катары мен Кыргызстанда аскердик башкаруу тутумун реформалоо ишке ашты деп билдире алам. Биз аскерлерде байланыштын жоктугун жеңип, кыргыз армиясынын бекем борбордоштурулган бирдиктүү тутумун түздүк”, - деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, мамлекет башчы Коргоо кеңешинин катчысы генерал Бусурманкулов Табалдиевдин, генерал Кубанычбек Орузбаевдин, генерал Асанбек Алымкожоевдин, Башкы штабдын жетекчиси генерал Раимберди Дүйшөнбиевдин, Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун, ошондой эле көптөгөн башка КК офицерлеринин аскер реформасына кошкон салымын белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий