• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Атамбаев: “Милиция кызматкерлери өз милдеттерин так аткарышы керек”

Президент 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-мартта өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды. Улан Исраилов ошондой эле Президентке өлкөдө жакында өтө турган эл аралык иш-чаралардын учурунда коопсуздукту камсыз кылууга милиция бөлүктөрүн даярдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да баяндады.

Республикада, айрыкча борбор шаарда өткөрүлүп жаткан ар кандай саясий акцияларга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев милиция адамдардын өз жарандык позициясын билдирүүгө укугун сыйлоо зарылдыгын, бирок, мыйзам бузулган учурларда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин так аткарышы керек экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий