• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

А.Атамбаев насыя боюнча пайыздык коюмдарды төмөндөтүү зарылдыгын билдирди

Президент 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-апрелде өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Толкунбек Абдыгулов өлкө экономикасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана кредиттер боюнча проценттик ченемдерди азайтуу максатында Улуттук банк жасап жаткан иш чаралар тууралу Мамлекет башчысына айтып берди. «Быйыл жыл башынан бери өнөр жайындагы, айыл чарбасындагы, соодадагы, курулуштагы, туристтик чөйрөдөгү, транспорт жана байланыш тармагындагы, андан тышкары кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы долбоорлорду каржылоо үчүн Улуттук банк сунуш кылган каражаттардын жалпы көлөмү 3 млрд сомду түздү. Акыркы заемщиктер үчүн бул кредиттер боюнча максималдуу проценттик ченем 12% өлчөмүндө белгиленди», - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө экономикасынын узак мөөнөттү өсүшүн камсыздоо максатында кредиттер боюнча проценттик ченемдерди дагы ылдыйлатуу чараларын көрүү жана экономика тармактарын кол жетерлик ресурстар менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий