• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Атамбаев президент болуп турган жылдары Кыргызстандын келечеги үчүн кардиналдуу жана стратегиялык маанилүү кадамдар жасалды – Ж.Жекшеев

Саясат 0

Бишкек, 3-апрель /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Акыркы жылдары, тагыраак айтканда Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда Кыргызстандын келечеги үчүн кардиналдуу жана стратегиялык маанилүү кадамдар жасалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине эксперт, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев билдирди.

Ал КРнын Президенти А.Атамбаевдин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын (ТӨУС) 5-жыйынындагы сүйлөгөн сөзүнө пикирин билдирди. Эскерте кетсек, мамлекет башчысы ТӨУСту жүзөгө ашыруу катаал мезгилден кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кубаттуу пайдубалын кайрадан түптөөгө жол ачты деп билдирген. Ошондой эле, КР Президенти коррупциялашкан өлкөгө кайра кайтууга, келечекте мураскор калтырууга, республикада тартипсиздик аракеттери болбой турганына токтолгон.

Ж.Жекшеевдин айтымында, КРнын акыркы жалдардагы негизги жетишкендиктеринин бири энергетикалык көз карандысыздык болуп саналат.

“Биз өзүбүздүн энергетикалык тармагыбызда кожоюн болуп калдык. Ошондой эле, түндүк-түштүк альтернативдик жолу курулууда, өлкө Евразия экономикалык биримдигине кирди. Азырынча бул жаатта ийгиликтерди айта албасак дагы акырындык менен жакшыруу жолуна түшүп бара жатабыз жана бул келечекке болгон салым. Мындан тышкары, биз экономикалык жана саясий өнүгүү секторунда шериктештерибиз менен өз ара мамиле түзүүдөбүз. Дагы маанилүү аспекттердин бири дүйнөдө коррупция мамлекеттик структуранын бардык тармагына сиңип кеткен, Кыргызстан да мындан тышкары калган жок. Чиновниктерди камакка алуу өлкөдө бул көрүнүш менен күрөш жүрүп жатканынан кабар берет. Албетте, аны тез эле жеңе коюга болбойт, анткени ал өлкөдө биротоло сиңип калган”,-деди ал.

Ошондой эле, ал Кыргызстан Борбордук Азияда демократиялык принциптеги жалгыз өлкө болуп каларын кошумчалады.

“Келечектеги президентке байланыштуу айта турган болсок, Борбордук Азияда мураскер калтыруу оңой экенине карабастан, Алмазбек Атамбаев мураскер калтырбай турганын бир эмес бир нече жолу айткан. Анын үстүнө мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын узартып, бийликте калуу ниети жок. КСДП келечекте президенттикке өзүнүн талапкерин көрсөтөт болушу керек. Ал эми Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун камакка алынуусуна байланыштуу мен бул нормалдуу көрүнүш деп айтат элем. Бизде кол тийбестик жок, чечимди бир гана сот чыгарат, жактардын күнөөсүн фемида гана аныктайт”,-деп кошумчалады Жыпар Жекшеев.

Пикир

Оставить комментарий