• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Атамбаев Шри-Ланка Президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шри-Ланканын батыш, борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө болгон жаратылыш кырсыктарынан көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Президенти Майтрипале Сирисенге көңүл айтты.

«Шри-Ланканын батыш, борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө болгон жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын ниеттен чыккан көңүл айтуубузду жана колдообузду, ал эми бардык жабыр тарткандарга тезирек сакайып кетишин каалаарыбызды билдирип коюуну өтүнөм», - деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий